13.06.2018 16:41

Бишкек мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында сурак берип жатат

Бишкек мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында сурак берип жатат

Бишкек мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында сурак берип жатат. Бул туурасында April.kg порталына  аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Албек Ибраимов суракка 2012-жылдары "Дастан" ишканасынын төрагасы болуп турганда түзгөн келишимдери боюнча чакырылган. Буга чейин УКМК  «Дастан» ААКсында ири өлчөмдө каражат жок кылынган факты боюнча КР Кылмыш жана жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу») менен кылмыш ишин козгогон. 

Билдирүүдө, 2012-жылдын январь айында  «Дастан» ишканасынын төрагасы Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 АКШ доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөнү айтылган.

«Мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар суммасында белгиленген. Өз кезегинде «ТНК Дастан» мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң АКШ доллары сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон», — деп жазылат маалыматта. 

Ошондой эле муну менен «ТНК Дастан»  ААКсы жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени айтылат.